Камактагы журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду

Камактагы журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду

УТРКнын жана ЭлТРдин директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош облстук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 22-июлда УКМКнын Оштогу башкармалыгына Ысык-Көлдүн 51 жаштагы К.Э. аттуу тургуну кайрылып, Акжол уулунун үстүнөн арыз жазган. Ал билдиргендей, журналист анын ишканасы тууралуу тартылган видеону «Ютубдагы» каналынан өчүрүү үчүн чоң акча талап кылган.

Бул факт боюнча Өзгөн райондук милициясы жана УКМК тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция билдиргендей, жеке ишкерге тиешелүү видеоматериалды Адыл Акжол уулунун «Ютубдагы» каналынан 76 миң киши көрүп, видео башка соцтармактарга да тарап кеткен.

Учурда милиция менен УКМК ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Адыл Акжол уулуна УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон.

«Азаттык» жазгандай, 33 жаштагы журналист Адыл Акжол уулу 4-августта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси менен айып таккан.

Адвокаты Назик Ажымаматова анын кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу макала себеп болгонун «Азаттыкка» билдирген.

Адыл Акжол уулу маркум келиндин кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер Адыл Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан.

Камактагы Адыл Акжол уулунун апасы Жапаровго жана Ташиевге кайрылды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>