«Каматайын деп жатасыңарбы?». Акаевди президент болосузбу деген суроо «чоочутту»

«Каматайын деп жатасыңарбы?». Акаевди президент болосузбу деген суроо «чоочутту»

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 20-25 жылдан кийин президенттикке ат салышышы мүмкүн. Бул тууралуу ал «Ютубдагы» NAKTA PODCAST берүүсүнө курган маегинде билдирди.

Берүүнүн жүрүшүндө Жанар Акаевге канча жашында президент болуу кыялы бар экени, келечекте президенттик шайлоого катышар-катышпасы тууралуу суроо узатылды.

Акаев «мени да каматайын деп жатасыңарбы?», «президент болчудай мен силерге эмне жамандык кылдым» деп чын-тамашасы аралаш жооп айтып, сөзүн улай президент болуу оор экенин белгиледи.

«Бул элдин тандоосу. Президенттик бизге буйруйт же буйрубайт деп айта албайм. Бирок азыр бизде андай мүмкүнчүлүк, анчалык элдин колдоосу да жок экенин билем. Бирок бизде убакыт көп. Балким аябай жакшы изденип, жол ачылып, кийин 20-25 жылдан кийин бир учур келип калса, сиздин сунушуңуздан баш тартпайм. Азырынча андай ой жок. Мен азыр жашоого реалдуу карап калдым, мурда андай болсо, мындай болсо деп, өтө романтик элем», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>