Камай берсе ким жол салат? Нарындагы окуя коомду ойго салды

Акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкуу жараткан дагы бир кабар — Нарында жол куруу иштери менен алектенген айрым адамдардын, тактап айтканда подрядчы компаниялардын башчыларынын кармалганы болду. УКМК аларды мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланды, ишти сапатсыз жасады деген айып менен убактылуу кармоочу жайга киргизгенин маалымдады. Бул окуя коомчулукта эки башка көз карашты жараткандай. Себеби, бир жагынан коом адилеттүүлүк орноду деп кубанса, экинчи жагынан, “ансыз да кадр жетишпей турганда иштеген эле адамдарды камай берсе, жолдорду ким оңдойт?” деген суроо жаралды. Биз бул ирет Нарын шаарындагы жол жасагандардын кармалышы жана камай берсе ким иштейт? деген темада ой жүгүртүп көрүүнү чечтик.

Жол — мамлекеттин кан тамырлары
Кыргызстанда жол тармагы жөн гана инфраструктура эмес, өлкөнүн кан тамырлары жана бул дүйнө жүзүндөгү тенденция. Мамлекеттин экономикалык абалын жолдорунан улам билсе болот деп айтыла . Нарындай тоолуу аймактарда сапаттуу жол — экономика, туризм, социалдык байланыш үчүн өзгөчө маанилүү. Бир чакырым жол оңдолсо, дыйкандын түшүмү шаарга жеңил жетет, мугалим райондон борборго ыкчам барып келет, турист тоо-жаратылышты көргөнгө коркпой чыгат. Бирок жол курулушу дайыма чоң акча менен байланышкандыктан, коррупцияга эң аялуу тармак болуп келген.
Жолчулар эмне себептен камалды жана эми жолду ким жасайт?
УКМКнын маалыматына караганда, Нарындын аймагындагы бир катар социалдык объектилер болгон жолдорду оңдоо учурунда актылар жасалма түзүлгөн, жолдун сапаты талапка жооп бербеген учурлар болгон. Бирок мындай пикирлер фактылары менен кошо социалдык тармакка байма-бай жарыяланып жатты. Демек, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат толугу менен курулушка жумшалган эмес. Мындай фактылар болсо, мыйзам чегинде чара көрүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок бул жерде камай берсе ким иштейт деген орчундуу суроо туулат.

Кыргызстанда курулуш, өзгөчө жол тармагында профессионал кадрлар жетишсиз. Подряддык компаниялардын көбү аймактык ишканалар. Аларга талап күчөгөн сайын айрымдары иштен баш тартууда. “Эгер кылган ишибиздин майда-барат кемчилиги үчүн камакка алына берсек, анда эч ким тендерге катышпайт” деген даттануулар айтылууда.
Бул жерде эки чоң тобокелдик бар:
1. Инвестиция жана ишеним азаят. Подрядчы фирмалар корккону үчүн тендерлерге аз катташат, демек атаандаштык төмөндөйт. Натыйжада сапат дагы төмөндөйт.
2. Жол курулушу жайлайт. Бүгүн камалгандар эртең ишке чыкпай калса, акимчилик же министрлик жаңы подрядчы издеп убара болот. Бул болсо айлап-жылдап кечигүүгө алып келет.
Нарын шаарынын мисалында подрядчу компания жасабай калган жолдорду Транспорт жана коммуникация министрлиги жасап бүтмөй болду. Бирок мындай практика дайыма эле колдонула бербейт да.

Биздин айтайын дегенибиз, бул маселеде “камабай коюшсун” эмес. Адилеттүү жоопкерчилик болушу шарт. Бирок жоопкерчилик жеке адамга гана эмес, системага да бирдей болушу керек. Эгер тендердин шартын, контролдук механизмди, техникалык көзөмөлдү күчөтпөсөк, “кемчилик кетирдиң” деп кармай берген менен маселе чечилбейт.
Көйгөйдүн алдын алуу боюнча кандай чараларды көрсө болот?
1. Транспаренттик системаны киргизүү. Жол курулушунда колдонулган ар бир тонна битум, ар бир чарчы метр асфальт онлайн-көзөмөлгө алынышы зарыл. Дрон, GPS, санарип технологиялар бул багытта пайдалуу болмок.
2. Жоопкерчиликти тең салмактоо. Сапатсыз жол үчүн подрядчы гана эмес, көзөмөлчү мекеме дагы жооп бериши керек. Азыр көп учурда “кармагандар” аткаруучулар, ал эми контролдоочулар жоопкерчиликтен качып кетет.
3. Кесипкөйлүктү өстүрүү. Нарындагыдай кырдаал кайталанбашы үчүн мамлекет курулуш компанияларына окутуу, сертификация программаларын киргизиши абзел.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш акыркы жылдары күчөдү. Бирок ар бир камоо менен бирге коомдо суроо жаралууда: Биз адилеттикке жетип жатабызбы же кадрларды коркутуп, тармакты аксатып жатабызбы?
Жол бул экономика. Экономика болсо ишенимге таянат. Ишенимди сактап калыш үчүн мыйзам менен системанын ортосундагы баланс табылышы зарыл.