Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Аласалып кеткен. Бишкектин борборунда үч унаа кагышты
04.09.2025 | 17:46

Бүгүн, 4-сентябрда, Бишкектин чок ортосунда ири жол кырсык болду. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы айдоочусу Эркиндик проспектиси менен баратып, Hyundai Santa Fe автоунаасы менен кагышкан. Экинчи машинаны 17 жаштагы айдоочу Фрунзе көчөсү менен башкарып бара жаткан.
Кагышуудан кийин кырсыктын күчү менен BMW X5 токтоп турган Hyundai Avant унаасын сүзгөн, ал эми Hyundai Santa Fe жол чыракты талкалаган.
Жол кырсыктын кесепетинен BMW X5 унаасындагы жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана толук жагдайы иликтенип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар