Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдыктар жүрүүдө
09.07.2025 | 12:06

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун негизги этабына өтүү үчүн талап кылынган даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү иштер жасалууда:
- Жалпы автоунаа жолдорду куруу иштери 60%га аткарылды.
- Транспорттук тоннелди куруу толугу менен (100%) бүткөрүлдү.
- Тоннелдин ичиндеги жолду бетондоо 93%га аткарылды.
- Нарын дарыясынын оң жээгине өтүү үчүн көпүрө куруу иштери 20%га аткарылды.
- ВЛ-110кВ жана көмөк чордонду куруу 77%га аткарылды.
- Жумушчулар үчүн вахталык шаарчаны куруу 30%га бүткөрүлдү.
“Бул инфраструктуралык иштер Камбар-Ата-1 ГЭСнин негизги курулушуна өтүү үчүн бекем база түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу келечегине өбөлгө болот”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: даярдык, Камбар-Ата 1 ГЭСи