«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу убактылуу жабылды
09.07.2025 | 11:44
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда саат 10:30 чамасында жааган катуу жаандын кесепетинен сел жүрүп, 113-чакырымда жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, сел айланма жолго салынган темир-бетон шакекчелерди жууп кеткен. Мындан улам жол убактылуу жабылды.
“Жерине ӨКМдин ыкчам тобу жана жол куруу компаниясынын техникалары тартылды”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар