Камчаткадагы жер титирөөдө кыргызстандык мигранттар наристелерди куткарып калышты

Ушул жылдын 30-июлунда Тынч океандын жээгиндеги Камчаткада магнитудасы болжол менен 8,7 болгон күчтүү жер титирөө катталган. Эпицентр 32 км тереңдикте жайгашкан. Бул окуя региондо 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болду.
Ошондой эле, Камчаткада 520–600 жылга жакын убакыттан кийин Крашенинников вулканы кайрадан атылды. Вулкандан чыккан күл 6 км бийиктикке чейин көтөрүлгөн.
Россиялык блогер Юрий Подоляка Камчаткага барып, Telegram-каналында жер титирөөдөн кийинки чаралар тууралуу айтып берген. Ал жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүү жана зыянды жоюу иштерин жазган.
Мындан сырткары, ал Северо-Курильск шаарында болгон окуяны айтып берген. Анын айтымында, курулушта иштеген кыргызстандык мигранттар цунами коркунучу жаралган биринчи мүнөттөрдө өздөрүнүн коопсуздугун тобокелге салып, бала бакчадагы балдарды эвакуациялоого жардам беришкен.
Россиянын Камчатка крайындагы Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылга карата миграциялык эсепке 3 355 кыргызстандык эмгек мигранттары катталган.