Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Жарым жылда 5,8 миң чет элдик номурлуу унаа мыйзамдаштырылды
18.08.2025 | 13:49

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча 5 миң 800 чет элдик номурлуу унаа каттоодон өттү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Насиров “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди.
Быйыл 31-мартта 2024-жылдын 31-декабрына чейин чыгарылган унааларды убактылуу каттоо тартиби киргизилген. Анда жарандарга чет элдик номурлуу унааларын мыйзамдаштыруу үчүн алты айлык мөөнөт берилген. Ал эми азыркы учурга карата мыйзамдаштырылган унаалардын жалпы саны 7 миң 192ге жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом