Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы боюнча отурум эртеңкиге жылды

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы боюнча отурум эртеңкиге жылды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча Бишкек шаардык сотунда белгиленген отурум 3-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы кечээ 2-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда кармалмак, бирок Көлбаев алынып келинген эмес жана сот бүгүнкүгө калган эле.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  22-октябрда Бишкекте кармалган.  

Биринчи Май райондук соту тергөө бүткөнгө чейин аны УКМКнын тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган. Бирок анын жактоочулар аталган чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>