Камчыбек Ташиев өзбек премьеринин кеңешчиси менен жолукту

Камчыбек Ташиев өзбек премьеринин кеңешчиси менен жолукту

«Ала-Арча» резиденциясында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн делегацияларынын жыйыны өтүүдө.  Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси (Премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.

Жыйындын башында Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн чек арасын юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берүү керектигин белгилеген.

«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек, ошондой эле 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек», — деген Ташиев

Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>