Камчыбек Ташиев эмгек сиңирген артист Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен батир тапшырды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир тапшырды.
Маалыматка караганда, белгилүү обончу жана композитор Азиреткулов көп жылдан бери ижарада жашап келген. Үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар экенин жана турак жайга муктаж экенин билдирген кайрылуусу буга чейин Жогорку Кеңеш аркылуу УКМК төрагасына жөнөтүлгөн.
Кайрылуунун негизинде Ташиевдин чечими менен артисттин жашоо шартын жакшыртуу максатында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Маалым болгондой, 66 жаштагы Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында эмгектенип, учурда Бишкектеги орто мектептердин биринде музыка мугалими болуп иштейт. Ал сегиз баланын атасы, алардын төртөө бойго жеткен.
УКМКнын маалыматы боюнча, бул аракет өлкө президентинин тапшырмаларынын негизинде ар кандай тармактардын, анын ичинде маданият өкүлдөрүнүн социалдык муктаждыктарын колдоого багытталган.
Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине спорт зал куруп берген, ошондой эле жаңы заманбап окуу имаратынын курулушу да башталган.