Бишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келет
«Азия Моллдун» жанындагы авто кырсыкта 3 жаштагы кыз каза болду
22.10.2025 | 13:00

Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунун жанында, Ч. Айтматов көчөсүндө авто кырсык болуп, 3 жаштагы кыз автоунаа тебелеп кеткенден кийин каза болду.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кырсык 20-октябрь күнү кечинде болгон. GMC Acadia унаасын башкарган 1986-жылы туулган эркек киши кызды унаа менен тебелеп кеткен. Наристе алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Учурда кылмыш иш козголуп, айдоочу кармалып, ИВСге камалды. Тергөө кызматы окуянын бардык жагдайларын тактап жатат.