Камчыбек Ташиев италиялык актёр Микеле Плачидо менен жолугуп, калпак кийгизди

Камчыбек Ташиев италиялык актёр Микеле Плачидо менен жолугуп, калпак кийгизди

Бүгүн, 12-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолугушуп, маданий кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Микеле Плачидо Кыргызстанга III Бишкек Эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Борбордук Азиядагы туристтик борбор катары Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү маселелери талкууланган.

Өз кезегинде актер УКМК жетекчисинин сунуштаган демилгелерин колдоого даяр экенин айтып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Кыргызстандын жогорку жетекчилигине ыраазычылык билдирген.

Баарлашуу учурунда Плачидо Кыргызстандын аймагында өнүктүрүүнү пландап жаткан жеке киностудиясы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн. Атайын кызмат актёрдун Кыргызстанга келүүсү эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эсептелинерин билдирди.

Ал эми Ташиев кинематография тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Плачидонун чыгармачылыгына ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Микеле Плачидо — » Спрут» телесериалында Комиссар Каттанинин ролунан кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон белгилүү италиялык актёр жана режиссёр. Ал ошондой эле «Три брата» (1981), «Связь через пиццерию» (1985) жана «Незнакомка» (2007) тасмаларындагы башкы эркектин ролу үчүн Италиянын башкы кино сыйлыгы болгон “Давид ди Донателлого” үч жолу көрсөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>