Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Салык карызы 50 миң сомго чейин болгон жарандарга чет өлкөгө чыгууга коюлган чектөө алынат
12.06.2025 | 15:26
Эми 50 миң сомго чейинки салыктык карызы бар жарандар чет өлкөгө чыгууда эч кандай чектөөгө дуушар болбойт . Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул чечим жарандардын укуктарын сактоо жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында кабыл алынууда.
Эгер жарандардын салыктык карызы 50 миң сомдон жогору болсо, аба майдандарында жана чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде карызды төлөтүү боюнча атайын механизмдер ишке киргизилет.
Салык кызматы, бул механизмдер жарандарга өз убагында жана жеринде салыктык карызын төлөөгө шарт түзөрүн кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом