ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Камчыбек Ташиевдин бажасы камакта калтырылды
26.09.2024 | 10:43
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы (А.Т.О.) камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Ташиевдин бажасынын бөгөт чарасы 10-сентябрда райондук сотто каралган. УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча А.Т.О. 11-октябрга чейин камакта калтырылган.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевдин бажасы (А.Т.О.) менен Түркиянын жараны быйыл июлда алдамчылыкка шектелип кармалган. Ал экөө жергиликтүү ишкерди сызга отургузуп кеткени кабарланган.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, бажасы буга чейин чоң кызматтарда иштеп, милициянын полковниги деген наамы бар. Бажасы анын атын жамынып алдамчылык жасаган. Эми ал алдаган адамдарынын акчасын кайтарып берип, мыйзам чегинде жазасын алгандан кийин камактан чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом