Баткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү
Канат Исаев бир мандаттуу округ менен депутаттыкка барат
20.09.2021 | 11:13
18-сентябрь күнү Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер (өзүн өзү көрсөтүү жолу менен) Исаев Канатбек Кедейкановичтен Чүй облусунун Кемин №31 округуна талапкер катары катышуу тууралуу арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Канат Исаев “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат