Канат Исаев: Мен өзүм президенттин ыйгарым укуктарын аткара албайм деп эсептейм

Канат Исаев: Мен өзүм президенттин ыйгарым укуктарын аткара албайм деп эсептейм

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине байланыштуу билдирүү жасады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, президент тарабынан анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жаңы мамлекет башчы шайланганга чейин анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

«Учурдагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу органынын алдында турган эң маанилүү милдеттерди эске алып, мен өз күч-аракетимди түздөн-түз Жогорку Кеңеште иштөөгө топтоону чечтим. Ушуга байланыштуу, мен өзүм үчүн президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм», — деди Канат Исаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>