Капиталы ₽15 млрд: ЕАЭБде кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлөт

Капиталы ₽15 млрд: ЕАЭБде кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлөт

ЕАЭБ өлкөлөрү Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу журналисттерге Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын башчысынын орун басары Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, ал компания алгач 15 млрд рубль капиталы менен түзүлөт.

«Биздин камсыздандыруу компанияларыбыз биринчи деңгээлдеги камсыздандыруу институту катары кала берет. Алар өзүнө алган тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу максатында өзүнүн жоопкерчилигинин бир бөлүгүн Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясына жүктөй алат», — деди ал.

Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү тууралуу келишимге Чолпон-Атада өтүп жаткан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кол коюу пландалууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>