Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндөгү батирден 82 жаштагы аялдын сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, куткаруучулар үйдүн бекилип калган эшигин ачуу үчүн барышып, сөөктү табышкан.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.