Кара-Балта шаарында No2 ҮДТнын имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөрүн мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Тендерди мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти жарыялаган. Оңдоого 13 миллион 752 миң 719 сом сарптоо пландалууда.
Маалым болгондой, имараттын эки кабаты, фасады да оңдолуп, электр жылытуу системасы орнотулуп, чатыры шиферден металл плиткага алмаштырылат.