«Кара-Кеченин көмүрү жылытканга караганда көбүрөөк ыштайт»: Эксперт ЖЭБ долбоорун сындап, АЭБ курууга чакырды
Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр станциясын (ЖЭС) куруу мөңгүлөр зонасына орду толгус экологиялык зыян келтирет, ошол эле учурда мындай долбоордун экономикалык натыйжалуулугу да күмөн жаратат. Бул тууралуу “Борбор Азиянын глобалдык тренддери” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө системалык талдоочу Бактыбек Саипбаев билдирди.
Эксперттин айтымында, жасалма интеллект сыяктуу энергияны көп талап кылган технологиялардын өнүгүшү менен курчуп жаткан энергия таңкыстыгы — аймактагы мамлекеттердин жашоосундагы башкы көйгөйлөрдүн бирине айланууда.

Саипбаев Кыргызстан менен Тажикстандын “түгөнбөс гидроресурстары” тууралуу айтылган сөздөрдү миф деп атап, мөңгүлөрдүн деградациясы жана күчөп бараткан суу тартыштыгы сыяктуу кооптуу тенденцияларга көңүл бурду. Мындай шартта көмүр генерациясына басым жасоо, анын пикиринде, келечеги жок жол болуп саналат.
«Бул – күлдүүлүгү жогору күрөң көмүр, ал жылуулук бергенден көрө көбүрөөк ыштайт. Мөңгүлөр зонасындагы экологиялык абалга орду толгус зыян келтирилет», — деп эскертти талдоочу. Ал ошондой эле бул бийик тоолуу аймактан энергияны жеткирүү да өтө чоң чыгымдарды талап кыларын кошумчалады.
Атомдук альтернатива
Энергетикалык көйгөйдү чечүүнүн реалдуу жолу катары Саипбаев коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, атомдук энергетиканы өнүктүрүүнү көрөт. Ал Өзбекстан алты чакан АЭБ (атомдук электр станциясы) курууну пландап жатканын, Казакстан да бул чечимге келип калганын эске салды.

Эксперт Кыргызстандын өкмөтү эмне үчүн технологияларын «Росатом» сунуштаган бир же эки чакан модулдук станцияны куруу мүмкүнчүлүгүн эске албай жатканына түшүнбөй турганын билдирди. Анын айтымында, эгер ири АЭБдерди курууга 10–12 жыл талап кылынса, чакан модулдук реакторлор кубаттуулук таңкыстыгын ыкчам чечүүчү жол болуп калмак.
Эске салсак, Кара-Кече кенинде көмүр станциясын куруу долбоору активдүү фазага өттү. «Электр станциялары» ААК жалпы кубаттуулугу 1 200 МВт болгон объектти долбоорлоого жана курууга (EPC-келишим) ачык сынак жарыялаган.
Долбоордун алдын ала наркы 1,3 миллиард доллардан ашык суммага бааланууда (биринчи этап үчүн 934 млн доллар жана экинчи этап үчүн 370 млн доллар). Станцияны Жумгал районунда, көмүр казылуучу тилкеге (разрезге) түздөн-түз жакын жерде куруу пландалууда. Бийликтин планы боюнча, бул борбор калаага чейин отун ташуу чыгымдарын жоюуга, күрөң көмүрдү жеринде иштетүүгө, ал эми кийинчерээк Бишкек ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүүгө мүмкүндүк берет.