Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга А.Г.Н. аттуу жаран Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директоруна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылып, ал Ош облусунун аймагында жеке турак-жай үчүн жер тилкесин берүүнү убада кылып, 11 миң 700 доллар өлчөмүндө акча каражатын алганын билдирген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө К.У.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишенимге кирип, алдоо жолу менен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору К.У.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда тергөө уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>