Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
Кара-Сууда бир тууган ага-ини урушуп, бири каза тапты
03.02.2026 | 11:16

Оштун Кара-Суу районунда бир тууган агасына бычак сайып, өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы жаран кармалды.
Ош ОИИБдин маалыматында, 1-феврал күнү 45 жаштагы Ж.А. жана анын 35 жаштагы бир тууган иниси Ж.К. тойдон чыккандан кийин уруша кетишкен. Жаңжал учурунда мас абалындагы Ж.К. бычак менен агасын сайып жиберип, Ж.А. окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар