Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Карачидеги соода комплекстен ири өрт чыкты. Каза тапкандар 21ге жетип, 65 адам дайынсыз болууда
20.01.2026 | 10:51

Пакистандын Карачи шаарындагы ири соода борбору өрттөнүп, каза болгондордун саны 21ге жетти. Дагы 65 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты.
Gul Plaza соода комплексинде 1 миң 200дөй дүкөн жайгашкан. 18-январда чыккан тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр бир суткадан ашык убакыт өчүрүшкөн. 19-январда түштөн кийин имараттын көпчүлүк бөлүгү урап калган. Күйгөн калдыктардын арасынан жоголгондорду издөө иштери дагы деле уланууда.

Синд провинциясынын башкы министри Мурад Али Шах өрттөн жаракат алган 22 адам ооруканадан чыгарылганын билдирди.
Тургундар өрт чыккан жерге өрт өчүрүүчүлөр кеч келишкенин, куткаруу иштери жай жүргүзүлгөнүн айтып, жергиликтүү бийликке нааразы болушууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар