Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мурдагы мэри мамлекетке тиешелүү жерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган шаардын мэриясынын жетекчилиги муниципалдык жерди жаранга арзандатылган баада сатканы аныкталган.
Анда биринчи вице-мэр А.Э.А. өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу жаранга жеке менчикке берген. Кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.
Ошондой эле кызмат адамдардын жогорудагы иш-аракеттери, башкача айтканда, муниципалдык жерди соодалашуу жана башкага жерге алмаштыруу аракеттери ошол кездеги шаардын мэри А.Ф.А.нын маалыматы менен жүргүзүлгөн.
Аталган факт боюнча тергөөнүн жыйынтыгында А.Ф.А. Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынган.