Караколдун тургуну сейфтен акча уурдап, карыздарынан кутулган

Караколдун тургуну сейфтен акча уурдап, карыздарынан кутулган

Каракол шаарында уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жылдын 26-май күнү Каракол ШИИБге  арыз менен 35 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Р.Д.  кайрылган, арызында 25-майдан 26-майга караган күнү, саат 11:00 чамасында үйүнө белгисиз адамдар терезесин сындырып кирип,  сейф, сейфтин ичиндеги 150 000 сом акча каражатын, эки үйдүн документтерин жана копилкадагы чогулган 1000 сом акча каражатын жашыруун түрдө уурдап кеткени жөнүндө билдирген.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205 (уурулук) беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ошол эле күнү шектүүнүн изин суутпай “Өспүрүм” жана “Экстремист”  операцияларынын алкагында,  Каракол шаарынын 37 жаштагы  Ш.Н. аттуу тургуну дүкөндөрдүн биринин жанынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, уурдалган сейфтин ичинен акчаны алып, сейфти жана ичиндеги үйдүн документтерин катып койгону жөнүндө жана копилканы көчөдөн эле сындырып акчасын чыгарып алганы жөнүндө  толук  айтып берген.

Ошондой эле уурдалган буюмдарды (сейф жана үйдүн документтерин) тергөө кызматына өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ал эми акча каражатын карыздарына таратып салгандыгын билдирген.

Шектүү тарапка Каракол шаардык сотунун чечиминин негизинде 1 ай камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Учурда, тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>