Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити өтөт

Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити өтөт

Ушул жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» Экинчи Саммити өтөт.Бул тууралуу Президенттик Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Ал белгилегендей, эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>