Бир сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды. Алар коронавирустан айыккандар. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Бейтапканадан чыгарылгандар төмөнкү аймактардан:
Ош облусу — 1, Жалал-Абад шаары — 3, Бишкек шаары — 1.
Бардыгы болуп ушул ушурга чейин 44 бейтап айыгып чыкты, 5 адам илдеттен каза болду. Ал эми республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы учур 339.