Каржы министри Дүйнөлүк банктын өкүлү менен 101,5 млн кредит берүү маселесин талкуулады

Каржы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча региондук директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар 2025-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан 101,5 млн доллар көлөмүндө программалык кредит берүү, ошондой эле бул программаны 2026-жылы улантуу маселелерин карашкан.
Бул каражаттар жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого жана улуттук экономиканын туруктуулугун чыңдоого багытталган.
Ошондой эле жолугушууда энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо жана регионалдык өнүгүүнү илгерилетүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо маселесине да өзгөчө көңүл бурулган.
Мындан тышкары чакан жана орто бизнести колдоо, энергетикалык инфраструктураны мадернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу сыяктуу экономикалык өсүүнүн негизги факторлору талкууланган.