Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Кой-Таштагы офицерлер акча талап кылып кармалды
15.09.2025 | 10:10

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коргоо министрлигинин айрым офицерлери катышкан коррупциялык схеманы аныктады.
УКМКнын маалыматына ылайык, «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы катталган. Майор Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. мыйзамсыз өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу жана уюлдук телефон колдонуу сыяктуу жеңилдиктерди берүү үчүн 1000 сомдон 50 миң сомго чейин акча алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») менен кылмыш иши козголуп, офицерлер кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда коргоо мекемесинде бул схемага тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер уланууда.