ЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификацияладыЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашыштыТоктогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
Каржы министрлиги биринчи мамлекеттик криптобиржаны каттады
24.01.2025 | 15:46
Каржы министрлиги өлкөдө биринчи Coin National Exchange криптобиржасын каттады. Ал 2024-жылы 30-декабрда Юстиция министрлигинин реестрине киргизилген. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Coin National Exchange мамлекеттик компания болот. Анын жетекчиси катары Бийболот Мамытов көрсөтүлгөн.
Аты айтып тургандай, компания криптоактивдер менен байланышкан операцияларды аткарат деп болжолдосо болот.
Министрликтин документтери боюнча, 2024-жылы анын баштапкы уставдык капиталы үчүн өлкө бюджетинен 100 млн сом бөлүнгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом