Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын люксембургдук ALTAIR HOLDING S.A. компаниясына сатты. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
Маалым болгондой, буга чейин Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 97,45% акциясына ээлик кылып келген. Ал 8,5 млрд сомго бааланып жаткан.
Калган 2,55% акциялар жеке жарандарга таандык болгон.
Министрлик өзүнүн 75% акциясын 6,5 млрд сомго саткан. Эми алардын колунда 2 млрд сомдук 22,45%дык акция калды.
«Керемет Банктын» 75%ын сатып алып, контролдук пакетке ээ болгон ALTAIR HOLDING S.A. Люксембургда «Де Ла Петрусс бульвары, 45-47» дарегинде катталган. Ал инвестиция тармагында иш алып барат.