Касымалиев шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартыларын билдирди

20.10.2025 | 12:14

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерге келе жаткан парламенттик шайлоого кийлигишпөөнү эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы эгер кимдир бирөө шайлоодо өз жакындарына жардам бергиси келсе, анда алгач кызматын тапшыруусу керек экенин билдирди.

Анын айтымында, айрым аймактарда айыл өкмөттөр, акимдер, губернаторлор же министрлер шайлоого байланыштуу жергиликтүү деңгээлде көрсөтмөлөр берип жатышканы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Касымалиев кайсы бир талапкердин кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдалануу мыйзам бузуу катары караларын белгилеп, мындай учурлар үчүн катуу жоопкерчилик болорун эскертти.

Ошондой эле өкмөт башчы бардык мамлекеттик кызматкерлерди саясий нейтралдуулукту сактоого жана таза, ачык шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Ал эми үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров кайрылуу жасап, шайлоого аралашкан мамкызматкерлер катуу жазаланарын айткан эле.

Scroll to Top