Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Ош мэриясы аймактык башкармалыктарга жаңы унаалар тапшырды
20.10.2025 | 12:53

Ош шаарында муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчылары жаңы кызматтык унааларды алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды жана жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын эскертти.
Маалыматка ылайык, унаалар шардык мэриянын бюджетинин эсебинен алынды. Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык жана 3 айылдык аймактык башкармалык бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом