Касымалиев Токаев менен чек арадагы жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүүнү сүйлөштү

25.02.2025 | 16:51

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кыргыз-казак чек арасындагы жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Казакстанга расмий сапар менен барган Касымалиевдин Токаев менен жолугушуусу Астана шаарында бүгүн, 25-февралда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташуу маселелери сүйлөшүлгөн.

“Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрмө пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top