Ката жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталды

10.10.2025 | 19:43

Бишкек шаарында кыргыз тилинин ченемдерине туура келбеген жана өз билемдик менен илинген көчө аншлагдары менен жарнамалык такталарды алуу иштери жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматында белгиленгенШаардык кеңештин 2024-жылдын 14-майындагы №134 токтомуна ылайык, көчө аталыштарынын такталары жана имараттардын номерлери бекитилген дизайн-кодго ылайык ак түстө, көк жазуу менен жасалышы керек.

Акыркы убакта айрым жеке менчик ээлери жана үй кожоюндары ката жазылган же макулдашылбаган аншлагдарды өз алдынча орноткон учурлар катталган.

Мындай мыйзам бузууларды жоюу үчүн райондук администрациялар жана муниципалдык башкармалыктар рейд өткөрүп, талапка туура келбеген такталарды алып жатышат.

Мэрия шаар тургундарын мыйзам талаптарын сактоого чакырып, көчө аталыштары мамлекеттик тилде гана жазылышы керектигин эскертти.

Scroll to Top