Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетишти
17.11.2025 | 11:23
«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, ишкананын директору Алексей Клевцовду суракка алып кетишти. Бул тууралуу Reporter.kgге күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, күч түзүмдөрү компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым документтер алынган. Андан соң директор Алексей Клевцов суракка чакырылган.
«Клевцов» жеке ишканасы 1997-жылдын 25-декабрында негизделип, сэндвичтерди, сырларды, печенье, кетчуп жана башка тамак-аш азыктарын өндүрүү жана сатуу менен алектенет. Товардык белги сүрөттүк жана сөз түрүндөгү «Kav & Kev» элементтеринин айкалышынан турат — бул компанияны негиздеген Клевцов эки бир туугандын инициалы: Алексей Викторович жана Евгений Викторович.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар