Бишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбиялануудаАялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөтПрезидент тышкы карызды төлөө боюнча Финансы министрлигинин божомолунан эки эсе ашкан суммаларды атадыСадыр Жапаров Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылы төлөп бүтүрөрүн билдирди
Казак президентинин маалымат катчысы коронавирус жуктуруп алды
07.06.2020 | 09:55
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтуусу боюнча, абалы канааттандырарлык. Президенттин резиденциясы Акордодо санитардык абал күчөтүлдү.
“Президенттин саламаттыгына коркунуч жок, ал графикке ылайык ишин улантууда» деп жазды маалымат катчы.
Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 12 500дөн ашты. Бул илдеттен 53 киши көз жумду.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар