Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Казакстадагы жарылуудан улам Бишкек-Москва темир жол каттамы токтотулду
25.06.2019 | 10:55
Казакстандын Арыс шаарындагы аскер бөлүктө болгон жарылууга байланыштуу “Кыргыз темир жолунун” Бишкек-Москва багытындагы № 17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулду. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине аталган мекеменин басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.
“Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу дүйшөмбү күнкү каттам токтотулду. 26-июндагы каттамдын жүрө турганы боюнча кеңешме өткөн соң бүгүн билинет”, – деди Каимов.
Блгилей кетсек, 24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, шаар тургундары коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктан 2 адам каза болуп, 30га жакын адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.
Рубрики: Жаңылыктар