Кыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаЭмгек мигранттары пенсиялык камсыздандыруу полисин аралыктан ала алышатКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттү
Казакстадагы жарылуудан улам Бишкек-Москва темир жол каттамы токтотулду
25.06.2019 | 10:55
Казакстандын Арыс шаарындагы аскер бөлүктө болгон жарылууга байланыштуу “Кыргыз темир жолунун” Бишкек-Москва багытындагы № 17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулду. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине аталган мекеменин басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.
“Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу дүйшөмбү күнкү каттам токтотулду. 26-июндагы каттамдын жүрө турганы боюнча кеңешме өткөн соң бүгүн билинет”, – деди Каимов.
Блгилей кетсек, 24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, шаар тургундары коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктан 2 адам каза болуп, 30га жакын адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.
Рубрики: Жаңылыктар