Казакстан өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартты

Казакстан өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартты

Коңшу Казакстанда өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 11-майга чейин узартылды. Тиешелүү жарлык Казак президентинин расмий сайтында жарыяланды.

“Өлкөбүздөгү азыркы абалга байланыштуу жана мамлекеттик комиссиянын сунуштарын эске алып, Өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартуу чечимин кабыл алдым. Бул — биз башыбыздан өткөрүп жаткан оор күндөрдүн талабы. Мыйзамга ылайык, 11-майда Өзгөчө абалдын мөөнөтү аяктайт. Элибизди пандемиянын чеңгелинен чыгаруу баарыбыздын бирдиктүү милдет. Мен үчүн ар бир азаматтын өмүрүнөн өткөн эч нерсе жок”, — деп жазылат президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгында.

Ошондой эле өлкө президенти мамлекеттик комиссия карантин чараларын жеңилдетүүгө даяр экендигин кошумчалаган.

Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта киргизилген. Бул режим 15-апрель күнү таңкы саат 7:00дө аягына чыкмак. Кийин казак бийлиги өзгөчө абалдын мөөнөтүн 1-майга чейин узартуу чечимин кабыл алган.

Соңку маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 2780 адамга жетти. Оорудан 25 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>