Казакстан 19 жаштагы кыргызстандык кызды Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартты

Казакстан 19 жаштагы кыргызстандык кызды Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартты

8-августта Казакстанда сот кыргызстандык Алина Горшенинанын ишин карап, аны камактан бошотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Клооп» «Сетевые свободы» укук коргоо долбооруна шилтеп билдирди.

Буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы Горшенинага эл аралык издөө жарыялап, аны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Казакстанга кайрылган.

Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, ал 2021-жылы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга колдоосун билдирип, аны камакка алуу чечимин чыгарган судья менен прокурордун дарегине коркуткан билдирүүлөрдү жазган.

Горшенина быйыл 1-июнда Орусиянын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Казакстанда кармалган. Анда Кыргызстан ТИМи ага бардык зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардам берилерин, иштин чоо-жайын билүү жана кармалган жаран менен жолугушуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.

Казакстан чек арада кармаган кыргызстандык кызды Орусияга өткөрүп берет

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>