Ташкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдү
Казакстан: Каза тапкандардын арасында кыргызстандыктардын бардыгы айтылды
10.01.2022 | 11:20
Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктан көз жумгандардын ичинде кыргыз жарандары дагы бар. Бул туурасында “Помогать легко” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Динара Аляева фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
“Алматы шаарында каза болгондор жөнүндө расмий маалымат бар. Бул 100дөн ашуун киши, андан 2 же 3 эсе көп. Каза болгондордун арасында кыргыз жарандары дагы бар. Алар Казакстанда иштеген же убактылуу барган жарандар. Маркумдардын сөөктөрүн туугандары алып чыга албай жатышат. Тышкы иштер министрлиги, Садыр Жапаров, биздин жарандарга жардам берүү үчүн штаб уюштурушсун!”, – деп жазды.

Айрым маалыматтарга караганда Казакстандагы башалмандыктан 164 киши мерт кеткени кабарланууда. Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар