Бекболот Боронбаев изделет

Бекболот Боронбаев изделет

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 1972-жылы туулган Боронбаев Бекболот Дубанакулович 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Боронбаев Бекболот Дубанакуловичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, арык  дене түзүлүштө, сакалы бар, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү массы-галош болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Боронбаев Бекболот Дубанакулович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03748) 5 02 09,   0778 15 15 91,   0550 31 31 22.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>