Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы шарият боюнча дипфейктерге тыюу салды
Казакстан Республикасынын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) дипфейктерди колдонууну шарият ченемдери боюнча тыюу салынган деп тааныган фатва чыгарды. Документте баса белгиленгендей, Ислам дини коомдун, адилеттүүлүктүн жана адамзаттын жыргалчылыгына кызмат кылган илимий-техникалык прогрессти четке какпайт. Бирок, дин аалымдарынын баамында, дипфейк технологиялары көбүнчө зыян келтирүү максатында колдонулат.
КМДБ муну төмөнкүдөй түшүндүрдү: шарият жалганды жана алдамчылыкты жайылтууга, анын ичинде технологияларды колдонуу менен адамга жасабаган ишти же айтпаган сөздү таңуулоого тыюу салат. Дипфейктер адамдын кадыр-баркына олуттуу доо кетирүүгө, чыр-чатактарды тутантууга, коркуу сезимин жаратууга, ал тургай өмүргө коркунуч туудурууга жөндөмдүү. Андыктан, тамаша иретиндеги жасалмаларга да жол берилбейт. Мусулмандарга дипфейктерди жасоодон жана жайылтуудан алыс болуу сунушталат.