Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлери менен жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги саммитин Түркстан шаарында өткөрүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы Казакстан түрк интеграциясын күчөтүүнү колдой турганын жана бул үчүн парламенттик дипломатияны негизги куралдардын бири деп эсептей турганын баса белгиледи.
Токаев Казакстандын ТМУга төрагалык кылуу алкагындагы жетишкендиктерин, анын ичинде «TURKTIME» ураанынын алдында жүзгө жакын иш-чара өткөрүлгөнүн, бирдиктүү түрк алфавити кабыл алынганын жана Түрк инвестициялык фонду ишке киргенин эске салды.
Жолугушууда президент ошондой эле Казакстандагы ири ички өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди: президенттин ыйгарым укуктарынын чектелген мөөнөтү киргизилгени, парламенттин ролу күчөтүлгөнү жана бардык райондук акимдердин түз шайланып жатканы. Ал өлкөнүн экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи: ИДП (Ички дүң продукту) 290 млрд доллардан ашты, ал эми калктын жан башына 14 миң долларды түздү.
Жолугушуунун соңунда Токаев Астанада «TURKTIME: парламенттик дипломатиянын ролу» темасында ТүркПАнын жыйынын өткөрүү идеясын колдоп, муну менен Казакстандын түрк кызматташтыгынын борбору болууга умтулуусун ырастады.