Казакстанда батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады. Бул туурасында жергиликтүү krisha.kz сайты жазып чыкты.
«Казакстанда, Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин биринчи жумаларда ижара акысы өскөн шаарларда ижара акысы төмөндөй баштады«, — деп айтылат сайтта.
Мониторингге ылайык, 5-12-октябрга карата Петропавловск, Актөбө, Павлодар, Уральск, Астана, Костанай, Атырау шаарларында терс тенденция байкалган, тагыраагы 10% төмөндөгөн.
Алматы, Актау, Караганда, Усть-Каменогорск, Чымкент шаарларында ижара акысы кымбаттады.
«Алматыда азырынча төмөндөө байкалган жок, бул жарым-жартылай базар структурасынын өзгөрүшүнө жана арзан батирлердин жетишсиздигине байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз