Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 1091 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазууда.
Илдет эң көп катталган аймактар Нур-Султан жана Алматы шаарлары.
Коңшу өлкөдө бул илдеттен 138 адам сакайса, 12 адам өмүр менен кош айтышкан.
Соңку маалыматтар боюнча, коронавирус илдети дүйнө жүзү боюча 1 миллион 924 миңден ашык адамга жугуп, 119 695 киши каза болду.