Казакстанда педофилдерге химиялык кастрация жасоо боюнча жаңы эреже киргизилди

Казакстанда педофилдерге химиялык кастрация эркиндикке чыгарына алты ай калганда жасалат. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарганын Kazakhstan Today басылмасы жазып чыкты.
Документке ылайык, жашы 18ден жогору болгон, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган жана жаза мөөнөтүн абактарда өтөп жаткан адамдарга карата химиялык кастрация соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде колдонулат.
Түрмөнүн администрациясы жаза мөөнөтү аяктоого 12 ай калганда педофилдерге карата соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо үчүн сотко материалдарды жөнөтүшү керек. Бул экспертиза соттолгон адамда психикалык бузулуу же сексуалдык зомбулукка жакындык бар же жок экенин аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, соттун чечими менен акыл-эси ордунда болгон, бирок психикалык бузулуу аныкталган адамдарга карата бул ченем колдонулбайт.