Казакстандын Түркистан облусунун Сарыгаш шаарында 18 жашар кызды унаа сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган.
Окуянын видеосу Polisia.kz сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, кырсык 24-февралда болуп, кыз алган жаратынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.
Текшерүү учурунда айдоочунун спирт ичимдигин ичкени аныкталган эмес.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынган.